Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Орусия: Владивостоктун мурдагы мэри түрмөдөн Украинадагы согушка кетти


Владивосток шаарынын мурдагы мэри Олег Гуменюк.
Владивосток шаарынын мурдагы мэри Олег Гуменюк.

Орусиядагы Владивосток шаарынын "ири өлчөмдө пара алды" деген айып менен 12 жылга соттолгон мурдагы мэри Олег Гуменюк түрмөдөн Украинадагы согушка кеткени белгилүү болду. Анын адвокаты Александр Китаев билдиргендей, Гуменюк Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинада кызмат өтөө боюнча келишим түзгөн. Китаев мурдагы мэр алгач аскердик даярдыктан өтүшү керек экенин, азыр анын так кайда экенин билбей турганын кошумчалаган.

Владивостоктун мурдагы шаар башчысы согушка кеткенин "РИА Новости" басылмасынын булактары да ырастаганын "Настоящее Время" телеканалы кабарлады. Айрым орус маалымат каражаттарында Гуменюк куралчан жана аскердик формачан адамдардын арасында жүрөт делген сүрөт тарады.

Ноябрь айында 56 жаштагы Олег Гуменюк Украинадагы согушка жөнөтүлгөнү, орто жолдон кайра колонияга жеткирилгени кабарланган. Анда мурдагы аткаминерди Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы согушка жибербей коюшу мүмкүн экени маалымдалган.

Владивосток шаарын 2019-2021-жылдары башкарган Гуменюк "38 миллион рубль пара алды" деген негиз менен алгач 16,5 жарым жылга соттолгон. Кийинчерээк бул жаза 12 жылга кыскарган.

Бул түрмөдөгү орус аткаминерлери абактан эрте чыгуу максатында Украинага согушка барган алгачкы учур эмес. Буга чейин Хакасиянын мурдагы башчысынын орун басары Сергей Новиков (паракорчулукка байланыштуу соттолгон) жана Большой Камень шаарынын мурдагы мэри Рустям Абушаев да түрмөдөн согушка кеткени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG