Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасында эки жашар бала чарчап калды


Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасы.
Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасы.

Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасында эки жашар бала чарчап калганын наристенин атасынын эжеси Гүлмира Абакирова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, 13-январда баланын дене табы 38 градуска жетип, дем алуусу кыйындаганына байланыштуу ата-энеси бейтапканага алып барган.

Наристенин туугандары аталган оорукананын дарыгерлери жакшы көңүл бурбай койгонун айтып, баланын өлүмүнө медицина кызматкерлеринин "шалаакы мамилеси себеп болгонун" белгилеп жатышат.

Алар милицияга кайрылып, Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер бөлүмү арыз боюнча иликтөө жүрүп жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын маалымдады.

"Азаттык" азырынча оорукананын жетекчилигинен, Саламаттык сактоо министрлигинен комментарий ала алган жок.

Кыргызстанда балдар жана чоңдор арасында жугуштуу вирустук оорулар, сасык тумоо күч алууда. (SE)

XS
SM
MD
LG