Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Давосто Украинанын "тынчтык формуласы" талкууланды


Давостогу жыйындын катышуучулары, 14-январь 2024-жыл.
Давостогу жыйындын катышуучулары, 14-январь 2024-жыл.

14-январда Швейцариянын Давос шаарында Европадагы, Азиядагы, Түндүк жана Түштүк Америкадагы 80ден ашуун өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери жана дипломаттары Украинадагы согушту токтотуунун шарттарын талкуулашты. Бул Украина сунуш кылган "тынчтык формуласын" талкуулаган төртүнчү эл аралык жыйын.

Буга чейинки үч конференция сыяктуу эле жекшембидеги жыйынга Орусия чакырылган жок. Талкууга Украинаны колдогон Батыш өлкөлөрү да, Орусиянын согушу боюнча бейтарап позицияны карманган мамлекеттер да катышты.

Давоско Киевден барган Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак конференцияда Орусиянын соңку чабуулдары тууралуу маалымат бергенин, украин бийлигинин ок атышууну токтотуу маселесине байланыштуу позициясын айтканын Телеграмга жазды.

"Ок атышпоо тууралуу жөнөкөй келишим Орусиянын Украинадагы агрессиясын токтотпойт. Ал болгону агрессорго күчүн топтоо үчүн тыныгуу гана болуп берет. Бул тынчтыкка карай жол эмес. Орусиялыктар тынчтыкты каалашпайт. Алар үстөмдүктү көздөшөт", - деп билдирди Ермак.

Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис Москва тынчтык жараянына “тиги же бул жол менен” акыры кошуларын айтты. Swissinfo басылмасы анын: "Орусиянын сөзү болмоюнча тынчтык болбойт", - деген сөзүн жарыялады. Ошол эле учурда министр Украинаны колдоо үчүн “колдон келгендин баарын” жасоо керектигин баса белгиледи.

Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү Швейцариядагы сүйлөшүүлөр боюнча азырынча комментарий бере элек.

Былтыр Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу боюнча "тынчтык формуласын" сунуш кылган. Он пункттан турган бул документте орус күчтөрү украин аймагынан чыгышы кетиши керек экени, Украинанын аймактык бүтүндүгү калыбына келтирилиши зарыл экени жазылган.

Бул формуланы талкуулаган эл аралык үчүнчү жыйын октябрь айында Мальтада өткөн. Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва катышпаган мындай сүйлөшүүлөр "ийгиликтүү болбойт" деп айткан.

XS
SM
MD
LG