Украин армиясы: Орусия бир суткада 800дөн ашуун аскерин жоготту

Орус аскеринин Украинанын аймагында жаткан кийими.

Украин армиясы өткөн суткада Орусия 840ка жакын аскерин жоготконун билдирди. Мындай маалымат 14-январдын таңында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тараткан кабарда айтылат.

Украин командачылыгынын эсебинде согуш башталгандан бери орус армиясы жалпысынан 370 миңдей жоокеринен, он миңдеген техникасынан ажырады.

Москва буга комментарий берген жок. "Азаттык" радиосу согуш маалында таратылган маалыматтарды өз алдынча ыкчам текшере албайт.

Эл аралык Согушту изилдөө институтунун 11-январдагы баалоосуна ылайык, Орусия армиянын катарын жаңы күчтөр менен толукташы мүмкүн.

Киев менен Москва согуштагы жоготуулары тууралуу расмий маалыматты дээрлик жарыялабайт.

Орусия Украинанын аймагына 2022-жылдын февралында бастырып кирген. Москва "атайын операция" деп атаган бул согуштан улам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Кремлди сындайт. (SE)

Дагы караңыз

HRW: Өзбекстанда адам укуктарына байланыштуу абал начарладыМамлекеттик гербдин кабыл алынганына 30 жыл толду Бээжин жактырбаган талапкер Тайвандагы шайлоодо жеңдиПрезидент Садыр Жапаров 2024-жылдын бюджетин бекиттиКыргызстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде бир тепкич ылдыйлады