Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:16

Мамлекеттик гербдин кабыл алынганына 30 жыл толду


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кабыл алынганына 30 жыл толду. Өлкөнүн негизги үч атрибутунун бири болгон герб 1994-жылдын 14-январында Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Анын авторлору - Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, герб үчүн 2234 эскиз сунушталган. Аны тандоо үчүн ошол кездеги парламенттин 21 депутатынан турган комиссия түзүлгөн. Төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон.

Авторлордун бири Дубанаев ошол учурда журналисттерге берген маалыматка ылайык, көк фондогу гербдин ортосунда турган канаттары жайылган шумкар - мамлекеттин эркиндигинин белгиси катары сыпатталган. Куштун артына Ысык-Көл суусу, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору жана күндүн сүрөтү тартылган. Аларды буудай менен пахта тегеректеп турат. Үстү жагына “Кыргыз”, астына “Республикасы” деп жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик туусун жана гербин кийим-кечелерге, анын ичинде ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүүгө тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоору 2023-жылдын этегинде коомдук талкууга чыгарылган. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG