Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:28

HRW: Өзбекстанда адам укуктарына байланыштуу абал начарлады


Өзбекстандын президенти тургундар менен жолугушкан учурлардын бири.
Өзбекстандын президенти тургундар менен жолугушкан учурлардын бири.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW ) уюму жарыялаган кезектеги баяндамада 2023-жылы Өзбекстанда адам укуктарынын абалы бир топ начарлап кеткени белгиленди.

Аталган уюм былтыр блогерлер менен журналисттерге кысым күчөп, 2022-жылы Каракалпакстанда болгон окуялар учурунда күч колдонгондор жазасыз калганын негиз кылууда.

Баяндаманын авторлору президент Шавкат Мирзиёев убада кылган реформалар ишке ашпаганын билдиришкен.

"Юстиция министрлигинин көз карандысыз укук коргоо уюмдарын каттоодон баш тартуу тажырыйбасы уланды. Кыйноо жана катаал мамиле жазасыз калууда", - деп айтылат баяндамада.

Уюм Өзбекстанда 2023-жылдын апрель айында үй-бүлөлүк зомбулук жана аялдар менен кыздарды коргоо үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам кабыл алынганы менен үй-бүлөдө кордук көрүү фактылары азайбаганына көңүл бурган.

HRW укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда да жарандык коомго, сөз эркиндигине кысым күчөгөнүн белгилеген. (SE)

XS
SM
MD
LG