Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Кыргызстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде бир тепкич ылдыйлады


Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 77-орунду ээледи. Былтыр 76-катарда эле.

2024-жылга карата 10-январда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 65 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.

Тизменин сап башында алты өлкө турат: Германия, Италия, Испания, Сингапур, Франция, Жапониянын жарандары 194 мамлекетке визасыз кирет.

Экинчи катарга Финляндия, Түштүк Корея жана Швеция (193 өлкө), үчүнчү орунга Австрия, Дания, Ирландия жана Нидерландия (192 өлкө) жайгашты.

Америка Кошмо Штаттары Канада жана Венгрия менен бирге рейтингдин жетинчи сабында: бул өлкөлөрдүн жарандары 188 мамлекетке визасыз аттанса болот. Орусия 51-катарды (119 өлкө), Кытай 62-орунду (85 өлкө) ээледи.

200дөй мамлекеттин ичинен Борбор Азия чөлкөмүнөн Казакстан 66-орунду (78 мамлекет), Өзбекстан 80-орунду (62 мамлекет), Тажикстан 81-орунду (61 мамлекет) Түркмөнстан 89-орунду (52 мамлекет) алды.

Рейтингдин акыркы саптарына Сомали, Йемен, Пакистан, Ирак, Сирия жана Ооганстан жайгашты - бул мамлекеттердин тургундары визасыз бара ала турган өлкөлөрдүн саны 30-35тин тегерегинде.

Тизме Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын маалыматтарынын негизинде чыгарылган. Индекс 2018-жылдан бери такай жарыяланат.

Henley & Partners компаниясы - инвестициялык миграция боюнча эл аралык уюм. (SE)

XS
SM
MD
LG