Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:02

Бээжин жактырбаган талапкер Тайвандагы шайлоодо жеңди


Тайвандагы президенттик шайлоодо Демократиялык прогрессивдүү партиядан талапкер Лай Циндэ жеңип чыкты. Ал өзүн аралдын толук көз карандысыздыгын жактоочусу деп атап, АКШ менен кызматташууда коргонууну бекемдөөнү көздөйт. Бээжин 64 жаштагы Лай Циндэни "кооптуу сепаратист" деп атаган.

Расмий жыйынтыкка ылайык, аны шайлоочулардын 40 пайызы колдоду. Лайдын атаандашы, Кытай менен кызматташууну арттырууга умтулган "Гоминдан" партиясынан ат салышкан Хоу Юй 33 пайыз добуш алды.

Лай Циндэ Гарварддын бүтүрүүчүсү, буга чейин аралдын вице-президенти болуп иштеген. Азыркы администрация Бээжиндин Тайбэйге экономикалык таасирин кыскартуу зарылдыгын жарыялап, коргонуу чыгымдарын кескин көбөйтүүдө.

Ушул тапта Тайванды мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алуусуна каршы турумду карманат.

Ишемби күнкү добуш берүүнүн алдында Бээжин Лай Циндэнин жеңиши “конфронтацияга жана чыр-чатакка” алып келиши мүмкүндүгүн билдирген. Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзинпин шайлоо алдында телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөндө Кытай менен Тайвандын биригүүсүн “сөзсүз боло турган тарыхый окуя” деп атаган.

Эл аралык серепчилер Бээжин менен Тайбэйдин мамилеси акыркы жылдардагы эң төмөнкү чектердин бирине жеткенин белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG