Ысык-Көлдөн былтыр балык уулаган 220 миң метр тор чыгарылды

Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 2023-жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн 431 миң 182 гектар аянтынан 22 тонна 546 кг таштанды жана 220 миң 200 метр тор чыгарылганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, Суучулдар борборунун кызматкерлери 10-январдан тарта Ысык-Көлдөгү балык уулоочу торлорду тазалоо ишин кайра башташты.

Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ криптовалюта менен иштегендерди шылуундардан этият болуулары керектигин эскерттиУКМК Сокулуктагы “жер мафиясы” боюнча беш кишини кармадыКөлбаевдин ишине байланыштуу камалган балбан Рамонов бошотулдуДепутат Эмил Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз болуудаKG Group компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жататӨкмөт “Керемет Банкты” Улуттук банктан сатып алууну көздөп жататКүрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды