Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Көлбаевдин ишине байланыштуу камалган балбан Рамонов бошотулду


УКМК тараткан сүрөт. 30-октябрь, 2023.
УКМК тараткан сүрөт. 30-октябрь, 2023.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун 10-январдагы чечими менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу камакка алынган балбан Мурат Рамонов эч жака кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Рамоновду абактан бошотууга Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү сотко өтүнүч келтирген.

Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, бир нече жолку Азия чемпионатында күмүш жана коло байгелерди багынткан Мурат Рамонов 25-октябрда "Камчы Асанбектин тобуна тиешеси бар" деген шек менен суракка чакырылып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Атайын кызмат аны “Көлбаевдин мыйзамсыз тапкан кирешелерин адалдоо үчүн өзүнө каттатып, айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталган” деп айыптаган. Анда экс-премьер-министри Сапар Исаковдун аты аталган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөн. Андан кийин УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан сырткары Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 200гө жакын мамлекеттик кызматкер иштен бошотулганы кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG