Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

ИИМ криптовалюта менен иштегендерди шылуундардан этият болуулары керектигин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) криптовалюта менен алектенгендерди алдамчылардын кылтагына түшүп калбоо үчүн электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүдө өтө этият болууга чакырат. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымат таратты.

Милиция кайсы бир компанияга инвестиция катары акча салууда ал ишкана жөнүндө бардык маалыматтарды текшерүүнү сунуштайт. ИИМ кыска убакытта көп каражат табуу, кепилденген кирешени убада кылуу алдамчылыктын белгилери экенин эскеретүүдө.

“Эгер сизге акча каражатын кайтарып берүү кепилдиги менен күн сайын чоң киреше табуу долбоорлоруна катышууга сунуштар келип түшсө, анда мындай долбоорго күмөн саноо менен карап, ишенич артпоо зарыл. Жеңил акча табууга чакырган долбоордун баарынан оолак болуу керек, себеби кыска убакытта чоң киреше табуу дээрлик мүмкүн эмес”, - деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ криптовалюта менен алдангандардын статистикасын берген жок. Соңку кездери криптовалюталарга миллиондогон каражат салып, акчасынан кол жууп калганын айткандар көбөйдү. Эксперттер өлкөдө криптобазарды жөнгө салган мыйзамдык механизмдин жоктугу жана бул жааттагы сабатсыздык көйгөйдү курчутуп жатканын айтышууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG