HRW уюму Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөгөнүн билдирди

Бишкекте өткөн акциялардын биринде тартылган сүрөт.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандык коомго, сөз эркиндигине басым күчөгөнүн билдирди. Өлкөдө көз карандысыз алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарына кылмыш иштери козголуп, басма сөз эркиндигин чектеген, өкмөттүк эмес уюмдардын ишине көзөмөлдү жана цензураны күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлору сунушталганы жазылган.

HRW бийлик сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” документ журналисттердин ишин чектей турганын, мыйзам долбоорунда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, андагы талаптарды аткарбаган медиалар жабылып калышы мүмкүн экенин билдирди.

2023-жылы Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу тууралуу райондук соттун чечимин жокко чыгарганын, август айында көз карандысыз “Kloop Media” басылмасын жабуу аракети башталганы камтылган.

Кемпир-Абад иши боюнча “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып менен 2022-жылы камакка алынган 30га жакын саясатчы, активисттердин айрымдары дагы деле тергөө абагында экени, кыз-келиндерге зомбулук фактылары дагы деле көп катталып жатканы айтылат. Андан тышкары жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканы белгиленген.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” иштеп жаткан мыйзам азыркы талаптарга жооп бербей турганын кайталап келет. (BTo)

Дагы караңыз

Ташиев зомбулукка кабылган аялдарды УКМКга кайрылууга чакырдыМанасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, Ташиевге жолукту11-январь: Ур-токмоктон каза болгон келин, Ташовдун кармалган тарапташтары, Гаага сотундагы арызHRW уюму Орусияда репрессия күчөгөнүн белгиледиБУУ миссиясы ооган аялдарына коюлуп жаткан талапка тынчсыздануусун билдирдиГаага соту Израилге каршы арызды кароого киришти Финляндия Орусия менен чек арасын жабык калтырды