Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, Ташиевге жолукту


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана манасчы Дөөлөт Сыдыков.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана манасчы Дөөлөт Сыдыков.

Бишкектеги “Манас айылынын” мурдагы башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков 11-январда Кыргызстанга кайтып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы расмий баракчасына жазып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Атайын кызматтын башчысы менен улуттук баалуулуктар жана Манасты жайылтуу боюнча баарлашканын, Камчыбек Ташиев Манас баатырдын эстелиги жок дагы үч облуска - Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абадга эстелик тургузуу демилгесин колдогонун айтты.

2022-жылы май айында “Манас айылынын” ошол кездеги башчысы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул окуялардан кийин бийликтин кысымына кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Социалдык тармактарда билдирүү таратып, анда мамлекеттик телеканалдар аны бир тараптуу каралап, “Манас айылынын” жери Манаска калсын дегеним үчүн куугунтук болуп жатат” деген.

Президент Садыр Жапаров ошол учурда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, бийлик манасчыны куугунтуктабаганын билдирип “манасчы экен деп жүрсөм, пиарчы экен” деп айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG