Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

БУУ миссиясы ооган аялдарына коюлуп жаткан талапка тынчсыздануусун билдирди


Кабул. 2022-жылдын декабрында тартылган сүрөт.
Кабул. 2022-жылдын декабрында тартылган сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясы (МООНСА) бул өлкөдө кыз-келиндерди кийимине байланыштуу көчөдөн кармап кетип, камап жатышкан окуядан улам терең тынчсыздануусун билдирди.

«МООНСА 1-январдан тартып Кабул жана Дайкунди провинцияларында хижаб кийүү тууралуу жарлыктын сакталышы боюнча текшерүү жүргөнүн аныктады», — деп айтылды уюмдун 11-январда жарыялаган билдирүүсүндө.

Анда белгиленгендей, Кабулда, Дайкундиде көптөгөн аялдарга жана кыздарга эскертүү берилди. Айрымдарын кармап кетишти.

Бийликке 2021-жылдын августунда келген талибдер 2022-жылдын май айында ооган аялдарына элдин арасына чыкканда көзүн гана ачык калтырып, калган жерин толук жаап жүрүү эрежесин жарыялаган. Муну менен «Талибандын» өлкөнү буга чейин башкарган 1996-2001-жылдардагы эрежеси кайра калыбына келтирилген.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши өзүнүн атайын чабарманын «Талибан» менен кызматташууга, айрыкча гендер жана адам укуктары жаатына көңүл бурууга чакырган.

Талибдер бул идеяны сындап, «сырттан таңууланган чечимдер кырдаалды ого бетер курчутат» деген өңүттө жооп берген.

АКШнын аскердик күчтөрү 2021-жылы 31-августта Ооганстандан чыгып кеткен. 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти басып алган. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG