Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Ташиев зомбулукка кабылган аялдарды УКМКга кайрылууга чакырды


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендин Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында жолдошунун ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызынын окуясы боюнча билдирүү кылды. Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер, эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМКнын кеңселерине кайрылыңыздар!”, - деп жазды Камчыбек Ташиев.

2-январда Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин ур-токмоктон каза тапты. Баткен облустук милициясынын маалыматына ылайык, аны күйөөсү көчөдө муунтуп өлтүргөн.

Маркум Айкыз Калмурза кызы былтыр жайында да күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканага түшкөнүн жакындары “Азаттыкка” билдирди. Баткен облустук милициясы былтыркы зомбулук окуясы боюнча арыз Кадамжай райондук милициясында катталып, бирок кылмыш иши козголбогонун ырастады. Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, күйөөсү кармалды.

Келиндин угуу жана сүйлөөсү боюнча 1-топтогу майыптыгы болгон. Кылмышка шек саналып кармалган жолдошу да угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар. Жубайлар алты жана үч жаштагы кыздарды тарбиялап жаткан.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2023-жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түшкөн. Алардын дээрлик 10 миңдейи ырасталып, коргоо ордери берилген.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG