Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:26

11-январь: Ур-токмоктон каза болгон келин, Ташовдун кармалган тарапташтары, Гаага сотундагы арыз


Айкыз Калмурза кызы
Айкыз Калмурза кызы

11-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аларга “Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жатканда көңүл бурулбай, анын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чаралар көрүлгөн эмес” деген айып коюлду. 5-январда Абдылдаевдин сөөгү абактын ашканасында асынып турганда табылган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып жатат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков “Азаттык” радиосунун талкуусунда 2020-2022-жылдары өлкөнүн жабык жайларында 151 киши каза болгонун айтты.

Майыптыгы бар келин күйөөсүнүн токмогунан каза болду

2-январда Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин ур-токмоктон каза тапты. Милициянын маалыматына ылайык, аны күйөөсү көчөдө муунтуп өлтүргөн. Маркум Айкыз Калмурза кызы былтыр жайында да күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканага түшкөнүн жакындары “Азаттыкка” билдирди. Баткен облустук милициясы былтыркы зомбулук окуясы боюнча арыз Кадамжай райондук милициясында катталып, бирок кылмыш иши козголбогонун ырастады. Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, күйөөсү кармалды.

KG Групп курулуш компаниясынан үй алган адамдар УКМКнын алдына чогулду. 11-январь, 2024-жыл.
KG Групп курулуш компаниясынан үй алган адамдар УКМКнын алдына чогулду. 11-январь, 2024-жыл.

Ташовдун тарапташтары камалды, үй алгандар акцияга чыкты

11-январда "KG Групп" курулуш компаниясынан үй алган бир нече тургун УКМКнын алдына чыгып, өлкө жетекчилигине кайрылды. Чогулгандар батир үчүн акчаны компанияга толук төлөп беришкенин, бирок ушул күнгө чейин курулуш иши аягына чыга электигин “Азаттыкка” айтышты.

9-январда социалдык тармактарга компаниянын жетекчиси Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери аны күч менен сегиз күн белгисиз жерде кармап туруп, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ишкердин айтканын четке каккан.

Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 52 млн сом мамлекетке төлөп бергенден кийин 8-декабрда үй камагына чыккан. Азыр кайда экени белгисиз. УКМК ага “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп издөө жарыялады. 10-январда анын жана чет жакта чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулунун ондогон тарапташтары суракка алынып, айрымдары камалды.

“Баткен” базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өттү

УКМКнын басма сөз кызматы Бишкектеги “Баткен-Комфорт” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өткөнүн билдирди. Атайын кызмат 11-январда тараткан маалыматка ылайык, 2000-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Аскарбек Шадиев парламенттин Мүлк боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда жеке кызыкчылыгы үчүн борбордогу үч гектарга жакын жер тилкесин (ред: “Баткен-Комфорт” базарын) арзан алып, өзүнүн туугандарына каттатканы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө базардын ээлери “Баткен-Комфорттун” 64,38% акциясын ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкен. УКМК “Баткен-Комфорттун” калган акциялары 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн жубайлар Аскарбек менен Асел Шадиевдердин наамында экенин, аны да сот менен конфискациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады. Шадиевге 2018-жылы жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Ал ошол эле жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган. Сыртынан 13 жылга кесилген.

Орус армиясы аткан ракетадан жабыркаган Харьковдогу мейманкананын тургундары, 11-январь, 2024-жыл.
Орус армиясы аткан ракетадан жабыркаган Харьковдогу мейманкананын тургундары, 11-январь, 2024-жыл.

Украинада Орусиянын чабуулунан чет элдик журналисттер жараат алганы кабарланды

11-январга караган түнү Орусия С-300 ракетасы менен сокку урганда Украинанын Харьков шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мейманкана жабыркап, соңку маалымат боюнча жараат алгандар 13кө жеткени, арасында чет элдик журналисттер бар экени кабарланды.

Херсон облусу да миномет, артиллерия, танк жана учкучсуз учак менен 108 жолу аткыланып, үч жай тургун жараат алды. Соңку кезде Орусиянын Харьковго жана Херсонго чабуулу көбөйдү. Харьков аймагына сокку Белгород аймагынан С-300 ракеталык-зениттик комплексинен урулууда. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы маалымдагандай, Донецк облусунун Авдеевка, Лиман, Марьинка багыттарында бир нече чабуулдун мизи кайтарылды, согуш талаасында 73 жерде кагылышуу болду.

Гаага соту Израилге каршы арызды кароого киришти

11-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гаагадагы Эл аралык соту Түштүк Африка Республикасынын Израилди палестиндерге каршы "геноцид жүргүзүп жатат" деп айыптаган арызын карай баштады. 29-декабрда Претория Гаага сотуна арыз менен кайрылган.

Эл аралык соттун президенти Жоан Донохью алгач арызданган тараптын, ал эми жума күнү Израилдин жүйөсүн угууга кезек берилерин айтты. Гаагада эки жактын тең тарапкерлери түрдүү акцияларды өткөрүп жатат. 7-октябрда ХАМАСтын (АКШ жанан Евробиримдикте террордук деп таанылган) согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда 1200 киши набыт болуп, 240 чакты адам барымтага алынган соң Израил армиясы Газа тилкесинде согуш ачкан. Газанын Саламаттыкты сактоо мекемеси үч айдан бери анклавда 23 миңден ашуун киши өлгөнүн билдирсе, 2 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлат

17-январда Страсбург шаарында Европарламенттин быйылкы жылдагы алгачкы сессиясында Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлат. Документте чөлкөмдөгү "авторитардык режимдерге адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактоо чакырыгы камтылат". Ошону менен катар «адам укуктарынын бузулушу көпчүлүк учурда жазасыз калып жатканына байланыштуу тынчсыздануу, кыйноолор жана башка укук бузуулар тууралуу арыздарды көз каранды эмес жана дыкат иликтөө чакырыгы айтылат. Журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар, жарандык активисттер «экстремизм», «жалган маалымат таратуу», «кастыкты козутуу» деген айыптар менен куугунтукка кабылып жатканы белгиленет. Европарламент бул документте Борбор Азиядагы беш мамлекеттин бийлигин камакта жаткан «саясий туткундарды» бошотууга үндөйт.

XS
SM
MD
LG