Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

Бишкектеги чиркөө. Архив.

Президент Садыр Жапаров Иса пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу өлкөдөгү православдарды куттуктады.

Ал "элдин эң башкы байлыгы биримдик" экенин белгилеп, "достук, ырашкерлик жана өз ара түшүнүү мамилелерди көздүн карегиндей сактоо керектигине" токтолду. Ар бир кыргызстандык жаран "динине, этносуна карабай бирдей укугу жана милдети бар" экенин айтты.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда православдар 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдайт.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары кызыл менен белгиленген. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө ушул тапта православ, католик багытындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт.

Дагы караңыз

Жапонияда жер титирөөдөн курман болгондордун саны 120дан ашты Москва: мобилизацияга тартылган адамдардын жакындары акция уюштурдуБишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүПокровскиде Орусиянын чабуулунан 10дон ашык адам мерт болду Түндүк Корея: Ким Чен Ын кызы менен аскердик заводду кыдырды Өзбекстан: дарыга ууланган балдарга байланыштуу сот жанданды "Социалдык келишим" долбооруна быйыл 2 миллиард сом бөлүнөтДен соолукту чыңдоо фондунун акчасы Президенттин иш башкармалыгына өттү