Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

5-январга караган түнү Кыргызстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берип билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

2023-жылы ноябрь айында Улуттук статистика комитетинин “Кыргызстандын айлана-чөйрөсү” деген баяндамасында Кыргызстанда калктын 75% сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарда жашап жатканы айтылган.

Баяндамада белгиленгендей, сейсмологиялык жактан кооптуу деген 80ден ашуун ири калктуу пункт жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан. (BTo)

Дагы караңыз

Беларус президентине берилүүчү чексиз кепилдиктер тууралуу мыйзам кабыл алындыИрандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" террордук уюму алды Аскарбек Жаныбеков "Айыл банктын" директорлор кеңешине мүчө болдуЖК эки аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканын четке кактыТуу боюнча пикир жазган бир нече киши УКМКга кирип чыкканы кабарландыТИМ: Ирандагы жарылууда каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок