Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Беларус президентине берилүүчү чексиз кепилдиктер тууралуу мыйзам кабыл алынды


Вадимир Путин, Александр Лукашенко жана Нурсултан Назарбаев.
Вадимир Путин, Александр Лукашенко жана Нурсултан Назарбаев.

Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко өлкө президентине кызматта отурганда жана андан кийин да берилүүчү жаңы кепилдиктер жана бул кызматка талапкер болууну каалагандарга коюлуучу катаал талаптар жазылган мыйзамга кол койду.

3-январда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, мурдагы президентке жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө өмүрүнүн аягына чейин кол тийбестик кепилденет, ал президент болуп турган учурдагы иштери үчүн жоопко тартылбайт.

Мыйзам президентке кызматтан кеткенден кийин Бүткүл беларус элдик жыйынынын делегаты жана өмүрүнүн аягына чейин парламенттин жогорку палатасынын мүчөсү болуу укугун да берет. Ага өмүр бою президенттикиндей маяна, медициналык камсыздоо, мамлекеттик күзөт жана байланыш укугу берилет.

Президент болууну каалаган талапкерге жаңы шарттар коюлууда. Ал жаш курагы 40тан ашкан, Беларуста кеминде 20 жыл жашаган, башка өлкөлөрдө эч качан туруктуу жашабаган киши болушу талап.

Талдоочулар белгилегендей, муну менен беларус бийлиги чет жакка чыгып кетүүгө мажбур болгон оппозиция өкүлдөрүн президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратууда.

69 жаштагы Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Аны жети жолу президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо ал добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен катуу басылган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт. (RK)

XS
SM
MD
LG