Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:33

Ирандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" террордук уюму алды


Иран. Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Иран. Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

«Ислам мамлекети» террордук уюму 3-январда Иранда болгон эки жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Бүгүн 4-январда мындай билдирүү уюмга өнөктөш Telegram каналдарга жана «ал-Рауд» сайтына жарыяланды.

3-январда Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда жарылуу болгон.

Расмий Тегеран 84 адамдын өмүрү кыйылганын, дагы 284 адам жараат алганын билдирүүдө. Айрым маалымат каражаттары каза болгондор 100дөн ашканын кабарлап жатышат.

Иран жардыруулар үчүн Израилди жана АКШны айыптаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул окуяга эч кандай тиешеси жоктугун жана Израилден шек саноого да негиз жоктугун билдирген.

Бул кол салуу аймакта чыңалууну күчөтүшү ыктымал деген кооптонууну жараткан. Себеби Изарил Газа секторунда ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) каршы операциясын улантууда. Ал эми Йемендеги Иран менен байланышкан хусит козголоңчуларынын Кызыл деңиздеги коммерциялык кемелерге кол салуулары уланууда.

4-январь Иранда Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Ирандын "Революция сакчыларынын корпусуна" кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.

Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган. (RK)

XS
SM
MD
LG