Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Айыл банктын” директорлор кеңешине мүчө болду. Кыргыз фондулук биржасына жарыяланган маалыматка караганда, мындай чечим банктын акционерлеринин былтыр 29-декабрдагы кезексиз жыйынында кабыл алынган. Жаныбеков директорлор кеңешиндеги Нурай Марстын ордуна келди.
Аскарбек Жаныбековду былтыр 25-декабрда президент Садыр Жапаров айыл чарба министри башка жумушка которулганын жүйө кылып, кызматынан алган. Дагы бир жарлык менен Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп кайра түзүлгөн.
Мекемени Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 28-декабрдан тарта жетектей баштаган.
Жаныбеков 2021-жылы 5-майда аныкталган Министрлер кабинетинин курамы менен айыл чарба министри болуп келген.
“Айыл банктын” сайтындагы маалыматка карагандаЭ директорлор кеңешинде төрага менен кошо беш мүчө бар.