Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

ЖК эки аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканын четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Жайыл Русланов парламентте көп аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканы боюнча маалыматты четке какты. Русланов 4-январда Фейсбук баракчасына социалдык тармактарга тарап жаткан билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын жазды.

“Туура эмес маалыматтарды жайылтып, элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз”, - деп жазды Русланов.

Мунун алдында социалдык тармактарда Жогорку Кеңеш эки аял алууга уруксат берген мыйзам долбоорун даярдап жатканы тууралуу билдирүүлөр тараган.

Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

XS
SM
MD
LG