Чүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди

Чүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди. 3-январь, 2023-жыл.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы имаратынын алдына Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди. Мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасына 3-январда облустук милициянын жетекчиси Дамирбек Исаков орун басарлары менен катышканын, ал кызматкерлерди жаңы жылы жана жаңы желек менен куттуктаганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун милициясынын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган сүрөттөрдө парламент кабыл алган тууну көрүүгө болот.

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко жаңы желек 1-январда илинген. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан бир топ айырмаланып турат.

3-январда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазды.

Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламентте дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына, анын ичинде Ички иштер министрлигине (ИИМ) илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.

Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Мыйзам 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген. (BTo)

Дагы караңыз

Ирандагы жардырууларда каза тапкандар 100дөн ашты Москвадагы казак коомунун башчысына кылмыш иши козголдуИрандагы кош жардырууда 70тен көп кишинин өмүрү кыйылдыАлматыда Oyan, Qazaqstan кыймылынын үч активисти кармалды3-январь: Туу кайрадан талкууга түштү, ХАМАСтын лидерлеринин бири өлтүрүлдү Дүйшөмбүдө белгилүү банкирдин өлүмүнө шектүүлөрдүн соту башталдыПольша Украинага узак аралыктагы ракеталарды берүүгө чакырды