Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Дүйшөмбүдө белгилүү банкирдин өлүмүнө шектүүлөрдүн соту башталды


Шухрат Исматуллоев.
Шухрат Исматуллоев.

Тажикстандын Жогорку Сотунда “Ориенбанктын” төрагасынын мурдагы орун басары Шухрат Исматуллоевдин өлүмүнө шектүүлөрдүн соту башталды. “Озоди” радиосу жазгандай, сот жараяны убактылуу кармоочу жайда жабык өттүдө. Жалпысынан 14 киши соттолуп жатат. Алардын арасында мурда Тажикстандын күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн Дилшод Саидмуродов дагы бар. Шектүүлөрдүн жакындарынын айтымында, биринчи сот жараяны 2023-жылдын 25-декабрында өткөн. Ага адвокаттардан башка эч ким катыштырылган эмес.

Исматуллоевдин уурдалышы жана киши колдуу болушу былтыр өлкөдө чуу жараткан. 43 жаштагы банкир 23-июнда уурдалган. Башкы прокуратура, кылмышкерлер аны кыйнап өлтүргөнүн билдирген.

“Кийин кылмыштын изин жашыруу максатында маркумдун сөөгүн жана автоунаасын Зерафшан дарыясына ыргытып жиберишкен”,-деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Анын сөөгү августта гана табылган.

49 жаштагы Исматуллоев өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон. Ал көп жылдар бою “Ориёнбанктын” төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаганы менен иш жүзүндө бул банкты башкарганы айтылып келген.

XS
SM
MD
LG