Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Москвадагы казак коомунун башчысына кылмыш иши козголду


Полат Жамалов
Полат Жамалов

Москвадагы казак коомунун башчысы Полат Жамаловго армия тууралуу “фейк” маалымат тараткан деген кине менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Верстка” басылмасы Орусиянын тергөө комитетинин жашыруун баяндамасына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Жамаловго каршы кылмыш иши былтыр сентябрда козголгон. ТАСС агенттиги өз булактарына таянып, билдирүүнү ырастады.

Буга Жамаловдун Фейсбукка жазган билдирүүсү түрткү болгон. Ал өз постуна 2022-жылдын августуна карата Украинада 48 миңдей жоокер өлгөнү тууралуу документти чаптап койгон.

Андан тышкары 2022-жылы Казакстандагы Январь окуяларынын маалында орус армиясынын өлкөгө киргизилишин сынга алып, оккупация деп атаган.

"Коммерсант" басылмасы жазгандай, Орусияда 2023-жылдын биринчи жарымында армия тууралуу "фейк" маалымат тараткан деген айып менен 21 киши соттолду. Алардын сегизи эркинен ажыратылып, үчөө шарттуу кесилип, он адамга айып пул салынган.

XS
SM
MD
LG