Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Ирандагы кош жардырууда 70тен көп кишинин өмүрү кыйылды


Жардыруу болгон Керман шаары.
Жардыруу болгон Керман шаары.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, таасирдүү генерал Касем Сулейманинин киши колдуу болушунун төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалдагы кош жардыруудан 70тен кишинин өмүрү кыйылды. 200гө чукул киши жараат алды. “Мизан” маалымат агенттиги жардыруулар 3-январда Керман шаарында, Сулейманинин көрүстөнүнө жакын жерде болгонун жазды. Ал жакта таасирдүү генералды эскерүү үчүн жүздөгөн киши топтолгон эле. Жардыруулардын себеби жана ким уюштурганы азырынча белгисиз.

2020-жылы Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген киши катышып, 56 киши тебелендиде калып көз жумган. 200дөн ашууну жараат алган.

Ислам жумуриятынын Революция сакчыларынын корпусуна кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.

Генерал өлтүрүлгөн учурда АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп ал "узак убакыт бою миңдеген америкалыкты өлтүрүп, жарадар кылган, андан көбүн өлтүрүүнү пландаган" деп Твиттердеги баракчасына жазган.

Сулеймани менен чогуу ирактык командачы Абу Хамид ал-Мухандис окко учкан.

XS
SM
MD
LG