Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Алматыда Oyan, Qazaqstan кыймылынын үч активисти кармалды


Oyan, Qazaqstan кыймылынын активисттери Акмарал Жакибаева жана Айсултан Кудайберген тарапташтарын колдогон акцияда. 3-январь, 2024-жыл.
Oyan, Qazaqstan кыймылынын активисттери Акмарал Жакибаева жана Айсултан Кудайберген тарапташтарын колдогон акцияда. 3-январь, 2024-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында полиция 3-январда пикетке чыккан Oyan, Qazaqstan кыймылынын үч активисти - Айсултан Кудайберген, Акмарал Жакибаева жана Темирлан Енсебекти кармап кетти.

Алар Республика аянтындагы Төбөлсүздүк монументинин алдына акция өткөрүп жатышкан.

Алар буга чейин 15 суткага камалган тарапташтары Бота Шарипжан манан Равкат Мухтаровду колдоп чыккан. Активисттер казак бийлигинин репрессияларына каршы ураандарды чакырып, камалгандарды бошотууга чакырышты.

Аларга Алматы акиматынын өкүлү чыгып, акция “мыйзамсыз” экенин жүйөө келтирип, аны токтотууну талап кылган. 25-декабрда Oyan, Qazaqstan кыймылынын үч активисти полицияга чакыртылган. Экөө тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузду деген кине менен 15 суткага камалган.

16-декабрда аталган кыймылдын активисттери Төбөлсүздүк монументинин жанында 1986-жылдагы Декабрь окуяларында, 2011-жылдагы Жанаөзөн окуяларында жана 2022-жылдагы Январь окуяларында курман болгондорду эскеришкен.

XS
SM
MD
LG