Баткенде 2022-жылы куралдуу кагылышта курман болгон Нурислам Карыбековдун аты Жалал-Абад шаарынын Байзаков проспектисиндеги скверге берилди. Эс алуу багынын аянты 80 сотых. Буга чейин каралбай калган паркты оңдоого жергиликтүү бюджеттен 27 млн 446 миң сом бөлүнгөн.
Нурислам Карыбеков 2003-жылы Сузак районунун Багыш айыл аймагында туулган. Ал 2021-жылы Баткен облусунун Бужум айылындагы №2051 аскер бөлүгүндөгү “Бөрү” отрядында кызмат өтөп жүрүп, 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгон.
2022-жылы 14-17-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылыш болуп, эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. (TB)
Дагы караңыз
Израил Газанын борбордук жана түштүк бөлүгүнө чабуулун улантты 24 жылга кесилген "тулундук маньяк" Украинадагы согушта өлдүБомба тууралуу жалган маалымат берген 16-17 жаштагы балдар кармалдыСербияда шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык уланууда Айдоочулук күбөлүктү жасагандардан сак болуу эскертилдиИИМ “Элдик көзөмөл” уюмунун мүчөсү маңзат менен кармалганын билдирдиДепутат Айдарова “президенттин жакшы иштерин көрбөө күнөө” экенин айтты