Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

ИИМ “Элдик көзөмөл” уюмунун мүчөсү маңзат менен кармалганын билдирди


Кармалган шектүү. ИИМ тараткан сүрөт.
Кармалган шектүү. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин мүчөсү баңги заты менен кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ак Босого жаңы конушунда шектүү айдап бараткан “Мазда-6” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерүү учурунда “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин мүчөсүнүн күбөлүгү табылган. Анын жашаган жерин тинткенде салмагы 272 граммды түзгөн гашиш маңзаты алынган. Камакка алынган шектүү мурда бир нече жолу соттолгону аныкталды.

“Элдик көзөмөл” бирикмеси жана анын мүчөлөрү буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2022-жылы ушул эле бирикменин ошол кездеги жетекчисинин милдетин аткаруучусу жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан 200 миң сом пара алып жатканда кармалганын кабарлаган.

Айрым маалыматтарга караганда, сөз болуп жаткан уюм 2020-жылы түзүлгөн жана максаты коррупцияны алдын алуу, паракорчулукка каршы күрөш экени айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG