Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Айдоочулук күбөлүктү жасагандардан сак болуу эскертилди


Социалдык тармактардагы жасалма айдоочулук күбөлүк саткан жарнама. Сүрөт ИИМге таандык.
Социалдык тармактардагы жасалма айдоочулук күбөлүк саткан жарнама. Сүрөт ИИМге таандык.

Ички иштер министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси акыркы убактарда социалдык тармактарда " төрт-беш күндө айдоочулук беребиз" деген жарыялар көбөйгөнүн эскертип, жарандарды андай алдамчылардан этият болууга чакырды.

“Унаа” мамлекеттик мекемеси тестирлөө жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жаатындагы жалгыз ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Telegram, Instagram жана TikТok сыяктуу социалдык тармактарда 4-5 күндүн ичинде айдоочулук күбөлүктү жасап берем деп убада кылган алдамчылар көп. Жеке маалыматыңызды жана акчаңызды аларга бербеңиз" , - деп жазылган мекеменин маалыматында.

"Унаа" эскерткендей, жасалма айдоочулук күбөлүктөрдүн Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да эч кандай юридикалык күчү жок. Анткени мындай күбөлүктөр айдоочуларды каттоочу мамлекеттик системага киргизилбейт.

Жасалма айдоочулук күбөлүктү колдонуу жана аны даярдоо мыйзам жоопкерчилиги менен чектелген, анын негизинде беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG