Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:35

Депутат Айдарова “президенттин жакшы иштерин көрбөө күнөө” экенин айтты


Айгүл Айдарова.
Айгүл Айдарова.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айгүл Айдарова “президенттин жасап жаткан жакшы иштерин көрбөй сынга алган күнөө” деп эсептейт.

Бул тууралуу ал “SuperTV” медиасына курган маегинде айтты. Депутат “эл мамлекет башчыны колдогон сайын ал күчтөнүп, жакшы иштейт” деп билдирди .

“Ханды Кудай алып келди. Эмне үчүн сиз же башка бирөө президент болуп калган жок? Бизде президент болом дегендер көп. Мен эмне үчүн Садыр Нургожоевич болуп калды деп көп ойлоном. Аллахтын буйругуна каршы чыккандай мен киммин? Мен эч ким эмесмин. Мен бир суюктуктан, түкүрүктөн жаралган пендемин. Анан келип алып Аллахтын буйругуна каршы чыгып, президенттин жасап жаткан жакшы иштерин көрбөй койгон күнөө”, - деди ал.

Депутаттын бул сөзү социалдык түйүндө катуу талкуу жаратты.

34 жаштагы Айгүл Айдарова Бишкек шаарында төрөлгөн. 2012-жылы Ички иштер министрлигинин Академиясын юрист адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 2012-жылы Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү болуп иштөө менен баштаган.

2022-жылы Орозайым Нарматова диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыраганда анын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келген.

25-декабрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мектепте окуучуларга ысык тамак берүүнү токтотуу демилгесин көтөргөн. Депутаттын өзү “арыктан суу ичип, катуу нан жеп эле чоңойгону, эч ким өлбөгөнү” боюнча сөзү коомчулуктун сынына кабылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG