Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Бомба тууралуу жалган маалымат берген 16-17 жаштагы балдар кармалды


Жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматты текшерүү - бомба издөө учуру. Бишкек шаары.
Жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматты текшерүү - бомба издөө учуру. Бишкек шаары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандын аймактарында, коомдук жайларда жардыргыч заттар коюлганы тууралуу жалган маалымат берип, анонимдүү телефон чалган адамдардын тобун аныктап, кармады.

Коопсуздук кызматы тараткан маалыматка ылайык, 16-17 жаштагы уландар Ж.Д.А., М.М.У. Д.Д.Б. жана К.А.А. аттуу жарандар 30-ноябрда жана 18-декабрда Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептерге бомба коюлганын билдиришкен. Чалуулар чет элдик абонент аркылуу келип түшкөн.

Маалыматта аталган жарандар бул кылмышты бейбаштык мүнөздө, окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында жасашканы аныкталганы жазылган.

Жардыргыч зат коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткандар - Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (“Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү”) менен айыпталат жана беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

18-декабрда Бишкектеги айрым мектептерге, Жогорку окуу жайларына жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар соцтармактарга тарап, бардык билим берүүчү мекемелердин окуучулары, мугалимдери жана башка кызматкерлери эвакуацияланган.

Ага чейин да бир катар билим берүүчү мекемелерде, соода борборлорунда, сот имараттарында, ооруканаларда жардыргыч зат коюлганы кабарланып, бирок тастыкталган эмес.

УКМК мындай жалган маалымат таратууга шек санап буга чейин да бир нече мектеп окуучусун кармаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG