Аба ырайы: 27-декабрда жаан, кар жаайт

Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 27-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 6…8° болот.

Дагы караңыз

Казакстандын Чек ара кызматынын мурдагы башчысы төрт жылга кесилди Баткенде жол кырсыгында казакстандык блогер жабыркадыХАМАС Газадагы бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүдөн баш тарттыДепутат Тазабек Икрамов өкмөттүн тариф саясатын сындадыУкраина Марьинка басып алынганы тууралуу кабарды четке какты