Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Казакстандын Чек ара кызматынын мурдагы башчысы төрт жылга кесилди


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Дархан Дилманов төрт жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыптуу деп тапты.

Сот өкүмүнө ылайык, Дилмановго мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды. Генерал-лейтенантты аскердик наамынан, мамлекеттик сыйлык жана ордендерден ажыратуу боюнча мамлекет башчысына сунуш киргизилди.

Ал Кытайдан жүк ташуудагы кылмыштуу схема түзүүгө көмөктөшкөн деп шек саналып 2022-жылдын жайында кармалган. Ушул ишке байланыштуу дагы жети адам колго түшкөн. Алардын бири беш жылга соттолсо, экинчисине 38 миллион теңгеден ашык айып пул салынды. Калгандарынын эркиндиги үч жарым жылдан беш жарым жылга чейин чектелди.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары – Чек ара кызматынын жетекчиси кызматын 2015-жылдан бери башкарып келген Дилманов 2022-жылы апрелде жумуштан бошотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG