Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:11

Украина Марьинка басып алынганы тууралуу кабарды четке какты


Талкаланган Марьинка шаары.
Талкаланган Марьинка шаары.

Украинанын Марьинка шаарын орус армиясы толук көзөмөлгө алганы тууралуу маалыматты Киев четке какты.

Дүйшөмбү күнү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге Украинанын Донецк облусундагы Марьинка шаары толук басып алынганын билдирген жана орус күчтөрү илгерилөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айткан.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Александр Штупун Шойгунун сөздөрү чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Ал шаарда салгылашуу уланып жатканын, украин аскерлери админстративдик аймактардан чегинбей турганын кошумчалады.

Би-Би-Си кабарлагандай, Марьинка орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү тууралуу маалымат ырасталса, анда Орусия андан ары Новомихайловка аймагындагы украин армиясынын турумдарына сокку урушу мүмкүн. Орусиялык күчтөр андан ары Угледар багытында чабуулга өтөт.

Согуш маалында таратылган маалыматтарды ыкчам бышыктоо мүмкүн эмес.

Марьинка Донецкинин түштүк-батыш тарабында. Орусия Украинага бастырып киргенге чейин бул шаарда 9 миңден көбүрөөк адам жашаган. 2022-жылдын мартынан бери Марьинканын тегерегинде айыгышкан салгылашуулар уланууда. Калаа дээрлик толук талкаланган. (SE)

XS
SM
MD
LG