Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:10

Баткенде жол кырсыгында казакстандык блогер жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунда айдоочу рулду башкара албай оодарылып кеткен.

25-декабрда айдоочу жана эки жүргүнчү алган жараатынан Баткен шаарындагы облустук биргелештирилген ооруканага жеткирилген.

Жүргүнчүлөрдүн бири учурда Кыргызстанда жашап жаткан казакстандык белгилүү блогер экени айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага жаткырылгандардын бири Ош шаарына которулуп кеткен.

Жол кырсыганан жабыркаган казакстандык блогер Аруужан Бекешова экени айтылды. Ал жолдошу Арген Асанов менен Баткен шаарында Жаңы жыл алдынла уюштурулган чай-концертке бараткан. Блогер Арген Асанов социалдык баракчасына жол кырсыгы туралуу билдирүү да таратты.

Кыргызстанда быйыл январь-сентябрь айларында 4,8 миң жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болгон. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 3-ноябрда жол кырсыктары азайбай жатканына байланыштуу кол алдындагыларды сынга алган. Ал ошондой эле электр чыгырыгын (электросамокат) тепкендердин айынан кырсык көбөйүп жатканын эскерткен.

Быйыл 9 айда электр чыгырыгына байланыштуу 58 кырсык катталып, анын кесепетинен 58 адам жаракат алган.

Ушул жылдын март айынан тартып өлкөдөгү жол кырсыктарын азайтуу максатында эреже бузгандарга айыппул көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын көп катталышына себеп катары соңку 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр сатылып, белек катары берилип келгенин жана айыппулдун аздыгын атаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG