Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

Депутат Тазабек Икрамов өкмөттүн тариф саясатын сындады


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин электр энергиясындагы тариф саясатын сындады.

Бул тууралуу ал 26-декабрда Фейсбукка жазып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "байлар байлардай төлөйт" деген сөзүн "электр энергиясына баа көтөрүлөт" деп мүнөздөсө болорун айтты.

"Байлар байдай эмес, ар бир жаран керектөөсүнө жараша төлөрүн жана тоолуу аймактар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан субсидияланышы милдет экенин азыркы өкмөт так билиши керек", - деди Икрамов.

Өкмөт энергетика тармагына сырттан алынган насыя жана гранттардын кандай колдонулганын текшерип, бул тармакка зыян келтирген жемкорлорду жазалашы зарыл экенин кошумчалады.

Тазабек Икрамов - парламенттеги "Элдик" депутаттык тобунун мүчөсү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда колунда бар байларга электр энергиясынын тарифин көтөрүү керектигин айтты. Ал эми калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекеттен колдоо улана берерин 22-декабрда билдирген.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турарын 21-июлда жарыялаган.

  • Кыргызстанда электр энергиясынын баасы быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болду. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG