Бишкек шаардык соту Афтандил Жоробековду абакта калтырды

Афтандил Жоробеков.

25-декабрда Бишкек шаардык соту мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековду 2024-жылдын 7-февралына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырды.

Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, ушундай эле чечим чыгарган. Ага каршы болгон активисттин адвокаттары шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

ИИМ ага “массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган” деген айып коюуда.

Афтандил Жоробеков 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Социалдык тармакта акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы “Туудан колуңду тарт!” автожүрүштөн улам чакырганын жазган. Активист ага тагылган кинени четке каккан.

Human Rights Watch уюму Афтандил Жоробековдун камакка алынышын сынга алып, кыргыз бийлигинин бул кадамын жарандардын ачык пикирин билдирүүсүн жана тынч чогулуу укугун чектөө деп билдирген.

Көптөгөн талаш-талкууларга карабай президент Садыр Жапаров 22-декабрда желекти өзгөртүү мыйзамына кол койду. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жай уюштурган деген шек менен төрт адам кармалдыАКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануусун билдирди Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталдыКара-Сууда 20 жаштагы жаран улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалдыМинистр акча чогултулган мектептин директорлору кызматтан алынарын айттыАламүдүн районунда курал-жарактарды сактоочу жай табылды