Кыргызстандын Малайзия, Катар жана Шри-Ланкадагы элчилери дайындалды

Солдон оңго: Марат Нуралиев, Анвар Анарбаев, Аскар Бешимов

Аскар Бешимов Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ал бул кызматты Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштып аткарат. Бешимов Индияга элчи болуп быйыл февралда дайындалган.

Президенттин 22-декабардагы дагы бир жарлыгы менен Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Марат Нуралиев Катардагы элчиси болуп дайындалды.

Буга чейин Алтынбек Жумаев Малайзиядагы элчи кызматынан төрт ай иштегенден кийин, сентябрь айында бошотулган. Анын кызматтан алынган себеби айтылган эмес.

Ушул эле айда Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулган. (КЕ)

Дагы караңыз

Финляндия Украинага 106 миллион евролук жардамын жөнөтөрүн жарыяладыАкылбек Жапаров тариф саясаты боюнча: мындан ары байлар байлардай төлөйтҮч-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдары кармалдыЧүй облустук соту активист Адилет Балтабайды абакка кестиБУУнун Газа боюнча резолюциясында гумжардам тууралуу гана сөз болору кабарланды