Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

БУУнун Газа боюнча резолюциясында гумжардам тууралуу гана сөз болору кабарланды


Газа сектору.
Газа сектору.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин Газадагы кырдаал боюнча резолюциясынын долбоорунда сектордогу жай тургундарга жардамды жакшыртуу чакырыгы гана камтылышы ыктымал болуп жатканын бүгүн 22-декабрда AFP агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматында айтылгандай, долбоордо ок атышууну токтотуу тууралуу чакырык жок.

Бүгүн Коопсуздук Кеңешинде добушка коюлушу күтүлүп жаткан документте Газага гуманитардык жардамды коопсуз жана эч тоскоолдуксуз жеткирүүгө багытталган чукул кадамдарды жасоо жөнүндө жазылды, ал эми ок атышууну токтотуу тууралуу «шарт түзүү» деген жазуу камтылды. Шарт түзүү, серепчилердин айтымында, атышууну чукул арада токтотуу дегенди туюндурбайт.

Израил «атышууну токтотуу» деген терминге каршы болуп жатат, өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук топ деп таанылган) тобу толук жок кылынмайынча ок атууну токтотуу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес экенин 20-декабрда айткан.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газа боюнча резолюция 9-декабрдан бери улам башка күнгө которулуп, кабыл алынбай келе жатат. Ал күнү резолюцияга вето койгон жалгыз өлкө АКШ болгон.

Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлү Роберт Вуд анын текстинде тең салмактуулук жоктугун, реалдуулуктан алыс экенин, эгер ошондой мазмунда кабыл алына турган болсо ХАМАСка гана ыңгайлуу шарт түзүп берерин айткан жана «Коопсуздук Кеңеши ХАМАСты 7-октябрдагы террордук чабуулу, сексуалдук зомбулугу жана башка дагы олуттуу кылмыштары үчүн айыптабай жатышы өтө чоң адеп-ахлактык кемчилик болуп эсептелет» деп белгилеген.

Израил дагы, анын өнөктөшү АКШ дагы эгер аскердик операция чукул арада таптакыр токтотулса ХАМАСка кайрадан күч топтоп, кол салууларын улантууга мүмкүнчүлүк берет деген көз карашын айтып келе жатышат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын соңку маалыматы боюнча, Израилдин аскердик соккуларынан бул анклавдын калкынын жарымы жабыркап жатат.

Кырдаалды жөнгө салуу максатында БУУда араб өлкөлөрүнүн кеңешинин өкүлү катары Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) резолюция иштеп чыгып, сунуш кылган. Бул өлкө аталган документ боюнча сүйлөшүүлөрдү да жетектөөдө.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.

Жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери, Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG