Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Финляндия Украинага 106 миллион евролук жардамын жөнөтөрүн жарыялады


Финляндиянын мамлекеттик туусу.
Финляндиянын мамлекеттик туусу.

Финляндия Украинага дагы 106 миллион евролук аскердик жардамын жөнөткөнү жатат. Бул тууралуу 21-декабрда өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

"Финляндия Украинага кыска мөөнөттүү дагы, узак мөөнөттүү дагы жардамын уланта берет. Бүгүнкү күнгө карата биз буга чейин берген аскердик курал-жарактын жалпы баасы 1,6 миллиард еврону түздү", – деди өлкөнүн коргоо министри Антти Хаккянен.

Жардамдын жаңы пакетинде эмнелер бар экени жана ал качан, кайсы жол менен жеткирилери тууралуу маалымат коопсуздук маселесинен улам ачык айтылбай турганы кабарланды.

Ал эми өлкөнүн Борбордук банкынын төрагасы Олли Рен Европа Биримдиги Украинага экономикалык жардам боюнча чечимге каршы чыккан Венгриянын ветосун айланып өтсө болорун билдирди. Анын айтымында, Евробиримдик Киевге убада кылган 80 миллиард еврону өзүнүн турукташтыруу фондунан жөнөтө алат.

"Мени Европанын ички чачыранды абалы жана Венгриянын ветосу кооптондурууда. Күтүп отура берген туура эмес. Евробиримдиктин калган 26 өлкөсү тез арада макулдашып, Венгриянын каршылыгын эске алуу менен «Б» планын даярдашыбыз керек. Эгер ал бул маселеде өзүнчө жолго түшкүсү келип жатса, анын макулдугун күтүү кажети жок", — деди Рен.

Өткөн аптада Евробиримдиктин саммитинде Украинаны жана Молдованы бул уюмга кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө расмий түрдө чакыруу чечими кабыл алынган, бирок Украинага экономикалык жардам катары алдыдагы төрт жылга 50 миллиард евро бөлүү тууралуу келишимди беките албай калган. Буга Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын каршы добушу себеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG