Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Үч-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдары кармалды


УКМК тараткан сүрөт. 22-декабрь, 2023
УКМК тараткан сүрөт. 22-декабрь, 2023

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын айрым кызмат адамдары кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан жеке турак жай курууга жер участокторун мамлекеттик менчиктен жеке колго өткөрүү боюнча коррупциялык схемага катышкандарды тинтүү жана камакка алуу иштери жүргүзүлгөн.

Атайын кызмат тараткан маалыматта, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Т.М.М., жооптуу катчысы А.Х.К., айдоочусу Ш.Х.А. жана райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлери Т.У. жана А.С.К. кылмыштуу келишимге барып, айрым жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, жер тилкелерин мамлекеттин менчигинен чыгаруу боюнча туруктуу кылмыш схемасын түзүп, жеке адамдарга турак жай куруу үчүн тиешелүү укук жана уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз даярдашкан деп шек саналууда.

"Жогоруда аталган кызмат адамдары жана алардын шериктери жеке кызыкчылыгын көздөп, “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө” токтом чыгарып, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Боз айылындагы жалпы аянты 5,45 га жер тилкесин трансформация кылбастан турак жай курулушунун Башкы планын бекитишкен. Анда 9дан 15 сотыхка чейин 48 тилкеге бөлүп, жеке турак жай курууга тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдап, алардын баасын 9 миңден 15 миң АКШ долларына чейин белгилешкен", - деп жазылат маалыматта.

Шектүүлөр Баткен райондук сотунун чечими менен Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камакка алынды.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG