Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Чүй облустук соту активист Адилет Балтабайды абакка кести


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

22-декабрда Чүй облустук соту Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекти абакка кесүү тууралуу Сокулук райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады.

Адилет Балтабай 2022-жылы жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Быйыл 13-январда Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кайра кармалып, камакка алынган.

Жогорку Сот 19-апрелде активисттин арызын карап, үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырган жана Жаза аткаруу кызматынын №27 абагынан чыгарылган.

Өткөн айда Пробация департаменти Сокулук райондук сотуна кайрылып, активистке байланыштуу мурдагы чечимди жокко чыгарууну суранган. Бул өтүнүчүн “ал пробация эрежелерин бузганы” менен негиздеген.

Адвокаты Эрлан Казаковдун айтымында, Адилет Балтабай Сокулуктан Бишкекке келгени үчүн “эреже бузду” деп табылган. Сокулук райондук соту 10-ноябрда ага карата пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарган.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Адилет Балтабайды 15-декабрда кармап, ал Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогердин апасы Сайкал Жунусова, атасы Мыктыбек Балтабаев бийликке кайрылып, уулу пикирин ачык айтканы үчүн куугунтукталып, камакка алынганын билдиришкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG