Аба ырайы: Күн жылыйт

23-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүң -2…+3, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Дагы караңыз

Бишкекте жол киренин жаңы тарифи сунушталдыУлуттук банк коллекциялык тыйындарды чыгардыКыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн институт түзүлөтАкылбек Жапаров сот системасына үч эсе көп каражат бөлүнгөнүн айттыБишкекте тиш догдурда чарчап калган наристе боюнча териштирүү башталды