Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:22

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн институт түзүлөт


Кыргызстандагы ишканалардын бири.
Кыргызстандагы ишканалардын бири.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн изилдөө институту түзүлө турганын кабарлады.

Анын сөзүнө ылайык, ал азык-түлүктүн абалын, өндүрүштү, керектөөнү, резервдерди, тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн изилдеп-талдоо менен алектенет жана тиешелүү сунуштар менен божомолдорду иштеп чыгат.

“Президент Садыр Нургожоевич тиешелүү тапшырманы берген. Бул маселе өкмөттө улам-улам каралып, адистер менен анын иши, мүмкүнчүлүктөрү такталат. Ушул тапта Министрлер кабинетинен талкуудан өтүп жатат”, - деди “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Кыргызстанда өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы да бар.

Чолпонбек Абыкеев ветеринардык көзөмөл, Бажыдагы иш өзүнчө болуп жумуш ырааттуу болбой жатканын кошумчалады. Ушундан улам алардын башын бириктирип иштетүү зарылчылыгы пайда болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG