Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:46

Улуттук банк коллекциялык тыйындарды чыгарды


"Бешикке салуу" аталышындагы коллекциялык тыйын. Улуттук банк. Кыргызстан. 22-декабрь, 2023-жыл.
"Бешикке салуу" аталышындагы коллекциялык тыйын. Улуттук банк. Кыргызстан. 22-декабрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын Улуттук банкы "Тарыхый окуялар" сериясына "Конституцияга 30 жыл" деген аталышта 5 сомдук, ал эми "Кыргыздын үрп-адаттары жана ырым-жырымдары" сериясына "Бешикке салуу" деген аталышта 10 сомдук тыйындарын чыгарды.

Улуттук банктын маалымдашынча тыйындар 22-декабрдан тарта жүгүртүүгө киргизилет.

.
.

"Конституцияга 30 жыл" деп аталган 5 сомдук тыйындын бир тарабына Баш мыйзамдын сүрөтү жана мамлекеттик герб түшүрүлгөн, экинчи тарабына "Кыргыз республикасынын Конституциясына 30 жыл" деп жазылган. 500 нуска менен чыгарылган бул 5 сомдук тыйынды 2550 сомго сатып алууга болот.

"Бешикке салуу" аталышындагы 10 сомдук тыйын Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын жайылтуу максатында чыгарылган. Бул коллекциялык тыйындын негизги бетинде бала кармап турган аялдын жана бешиктин сүрөтү чегерилген. Экинчи тарабында мамлекеттик герб түшүрүлүп, "Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары" деп жазылган. Бул 10 сомдук тыйын нак күмүштөн жасалып, 1000 нускада чыгарылган. Баасы 6030 сом турат.

Кыргызстандын Улуттук банкы “Тарыхый окуялар” сериясынан алтындан жана күмүштөн жасалган коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарып келет. Быйыл августта “Эгемен Кыргызстанга 30 жыл” деп аталган монеталар чыгарылган.

Буга чейин коллекциялык монеталар эгемендиктин 20 жана 25 жылдыгына карата да чыгарылган.

Бардык коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ.(ZKo)

XS
SM
MD
LG