Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:42

Бишкекте жол киренин жаңы тарифи сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы муниципалдык автобус, троллейбуска жол киренин жаңы тарифин сунуштады.

Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов 21-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда айтты.

Анын айтымында, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот.

MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат.

Буга чейин муниципалдык автобус, троллейбуста жол кире накталай төлөнсө, 25 сомго көтөрүү сунушу берилип, ал ишке ашпай калган.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси - негизги көйгөйлөрдүн бири. Быйыл муниципалдык автобус көбөйтүлүп, чоң жолдордо атайын тилке ачылды. Ушул тапта борбордо кичи автобустардагы жол кире 15 сом. Автобус, троллейбуста 11 сом. (BTo)

XS
SM
MD
LG