Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Акылбек Жапаров сот системасына үч эсе көп каражат бөлүнгөнүн айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирди.

Бул тууралуу өкмөт башчы 22-декабрда Жогорку Сотко караштуу Сот департаментине 47 автоунааны тапшыруу иш-чарасында айтты. Анын сөзүнө караганда, бул тармакка 2020-жылы 1,2 млрд сом берилсе, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүндү.

“Буга чейин судьялар 40 миң сомдун, сот аткаруучулар 12-13 миң сомдун тегерегинде айлык алып келишкен. Азыр судьялар орточо 85 миң сом, сот аткаруучулар 38 миң сом алат”, - деди Акылбек Жапаров.

Сот департаментине берилген 47 автоунаа мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин сот системасындагы коррупцияны айыптап, судьяларга пара берүүдө адвокаттар ортомчулук кылып жатат деп сындаган. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Азаттык” радиосундагы маегинде “УКМК соттордун ишинин сапатына баа бере албайт” деп жооп берген.

Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылынып келе жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG