Иранда хижаб маселеси боюнча көчмө сот отурумдарын өткөрүү сунушталууда

Иран. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда хижаб кийүүдөн баш тарткан кыз-келиндерди жоопко тартуу үчүн коомдук жайларда, мисалы, соода борборлорунда көчмө сот отурумдарын уюштуруу сунушталууда. Бул тууралуу Би-Би-Синин кабарчыларынын колуна тийген жашыруун документтерде айтылганы маалымдалды.

Ислам дресс-кодун бузган мектеп окуучуларына чара көрүү укугун Билим берүү министрлигине берүү, жалпы коомчулукка белгилүү кыз-келиндерди «күнөөлүү жорукту жайылткан» деген айып менен 10 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө отургузуу каралып жатканы белгилүү болду.

Полицияга жана күч структураларына кеңири ыйгарым укуктар берилери, алар шектүүлөрдүн үйүнө каалаган убакта кирип барып, компьютерлерин, телефондорун тартып алса, хижаб кийүү талабы сакталбаган дүкөндөрдү, кафелерди эч кандай эскертүүсүз жапса болору айтылды.

Расмий Тегеран бул боюнча комментарий бере элек, бирок ошол документтен үзүндү жарыялаган жергиликтүү гезитке «жашыруун маалыматты ачыкка чыгарып жиберген» деген кине коюлуп жатканы маалым болду.

Хижаб жана пакизалык жөнүндөгү мыйзам Иранда быйыл сентябрда кабыл алынган. Ага ылайык, ислам дресс-кодун бузгандар 10 жылга чейин камакка алынат же балак уруу жана 360 миллион риалга (8 миң доллар) чейин айып пул салуу каралган.

Мындай чара былтыр хижабды туура эмес тагынганы үчүн кармалган 22 жаштагы Махса Амининин полиция бөлүмүндөгү өлүмүнөн соң тутанган, күч менен басылган масштабдуу нааразылык акцияларынан кийин кабыл алынган. Акциялар учурунда 500дөй адамдын өмүрү кыйылган, он миңдеген адам камакка алынган. Демонстранттардын бир нечеси дарга асылган. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 485 менчик клиника жабылды АКШ Өзбекстандын 119 жаранын мекенине кайтарды “Вакуф негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорунун аталышы сынга кабылдыАКШ орус мунайын импорттоо талаптарын катаалдатты