Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:04

Кыргызстанда 485 менчик клиника жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда лицензиялык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 485 менчик клиника жабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Министрдин айтымында, алардын 333үнө айып пул салынды.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында 485 жеке менчик клиниканы жаптык. Булардын көбү лицензиясы, адистери жок ачылган. Басымдуу бөлүгү - стоматология менен косметология, пластикалык операция жасагандар. Бул жерлерде, чындыгында, адистер иштебей, билими жок, санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн абалы оорлошуп кеткен учурлар көп. 333үнө айып пул салынды. Эң жаман жери, айып пул 3 миң сомдон 7 миң сомго чейин. Муну төлөп коюп эле кайра ачып алып жатышат, биз кайра жаап жатабыз. Ош базарындагы стоматологияга кирсем, абдан жакшы жабдуулар бар, бирок дарыгер жасай турган процедуралардын бардыгын коллежди бүткөн адам жасап жаткан. Кайсыл коллеж десем, дарегин билбейт, дипломун сатып алган окшойт. Жабдуулары стерилизациядан өткөн эмес. Ошонун жанындагы гинекологиялык клиника деле ошондой. Аксыда бирөө стоматологияны гаражына ачып алыптыр, Ошто үйүнүн бурчуна ачып алган. Ошондойлордун баары жабылды".

Министр бул медициналык жайлар канча убакыт аралыгында жабылганын тактаган жок.

Буга чейин Кыргызстанда пластикалык операциядан кийин абалы начарлап, каза болуп калган учурлар катталган.

“Азаттык” жеке менчик клиникадан пластикалык операция жасаткандан кийин каза болгон эки келин жана жабыркагандар боюнча макала даярдаган.

2022-жылы майда министрлик лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын, мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинет менен клиника аныкталганын кабарлаган. (КЕ/КО)

XS
SM
MD
LG